2021-11-05

RSC 003 (ОРУС ТИЛИ I) САБАГЫ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ ЖЫЙЫНЫ


2021-жылдын 02-ноябрь күнү университетибиздин башкы имаратынын конференц-залында Даярдоо курсунун тайпаларынын башчылары (старосталары) үчүн атайын RSC 003 (Орус тили I) сабагы тууралуу маалымат жыйыны өткөрүлдү. Аталган жыйынга Чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрү докт. Режеп Йүрүмез, мүдүрдүн орун басары Салия Вайсканова, Чет тилдер бөлүмүнүн башчысы докт. Фарук Гүн жана Чет тилдер бөлүмүнүн Орус тили координатору Светлана Парманасова катышты. Жыйынды ачып берген докт. Режеп Йүрүмезден кийин сөздү Орус тили координатору Светлана Парманасова алып, студенттерге RSC 003 (Орус тили I) сабагы тууралуу кеӊири маалымат берди. Аталган жыйын студенттердин суроолоруна жооп берүү менен жыйынтыкталды.